Turmush — Ош шаарынын тургуну Авазбек Умаров чейрек кылымдан бери бычак жасап, бул өнөрдүн арты менен ондогон өлкөнүн жарандары менен таанышты. Ал муундан муунга, атадан балага өтүп келе жаткан бычак жасоо өнөрүнүн сырлары менен бөлүштү.
Анын айтымында, бычактарды көбүнчө унаанын ар кандай тетиктеринен жасайт.
«Мисалы, подшипник, рессора колдонулат. Бычактын туткасын аркардын мүйүзүнөн жана башка буюмдардан жасаганга аракет кылабыз. Унаалардын жогорку жактагы тетиктеринен жасалган бычактар сапаттуу болот. Анткени аны уста беш күн таптайт», - деди Умаров.
Каарманыбыз Союз учурундагыдай бычактар бааланбай калгандыгын, андыктан акыркы учурда устанын колунан жасалган бычактарга талап аз болуп жаткандыгын айтат.
«Союз учурунда бир бычак 25 сом турат эле. Ал учурда 25 сомго эки кап ун алчубуз. Азыр да ошондой кымбат бычактар жасалат. Бирок талап аз болгону үчүн азыраак жасалат. Учурда ашканага керектелүүчү бычактарга талап күч. Андыктан ашкана бычактарын көбүрөөк жасап жатабыз», - деди ал.
Умаров белгилегендей, бир бычактын материалын 5 күн таптагандыктан аны курчутуунун кереги жок. Болгону аны кайрап коюу жетиштүү.
«Биз жасаган бычактардын сапаты көп жыл бою сакталат. Мисалы, атайын кой союуга жасаган бычактарыбыз бар. Ал унаанын подшипнигинен жасалат. Кой союуда эң негизгиси бычак кабырганы тегиз кесиши керек болот. Ушул материалдан жасалган бычакты таптаганыбызда мизи тегиз чыгып, көп жылдар бою сапаты сакталат. Койдун кабыргасын тегиз кесип, курч дагы болот.
Бычакты жасаш үчүн 5 күн убакыт кетет. Алгач кайсы бир металлды чокко ээритип, аны кызытып, барскан менен ар бир жерине уруп чыгабыз. Барскан тийбеген жери калбашы керек. Анткени барскан тийген жерлери бышык, сапаттуу болот. "Темирди уруп бышыр" деген сөз бар. Улам-улам чокко салып, барскан менен уруп туруу керек. Атайын формага келгенден кийин аны курчутуу үчүн жерге көмөбүз», - деди ал.
Уста бычак жасоонун түйүшү көп экенин, ага жараша баасы коюларын белгиледи.
«Маселен, унаанын рессорасынан жасалган бычактын бир даанасы 1 миң 500 сомго бааланат. Ал эми подшипниктен жасалган бычактын бир даанасы 2 миң сомго бааланат. Анын туткасы аркардын мүйүзүнөн жасалат. Эксклюзивдүү, коллекциялык бычактарыбыз бар. Аны жасоого көп мээнет талап кылынат. Металлды ээритип, калпка куюп, кайра ээритип жасайбыз. Анын баасы 5 миң сом болот. Чынында ошол баага татыктуу бычак болуп саналат. Ошондой эле ашканага жасалган бычактар базар баасындай эле», - деди ал.
Авазбек Умаровдун айтымында, Ысык-Көлдө өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жубайына бычак белек кылган. Ошондой эле ал жасаган бычактар Европа өлкөлөрүнө чейин жөнөтүлүп, өлкөгө келген туристтерге сатылат.
- 2018-жылы 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы өтүп, ага Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган жана анын жубайы Эмине Эрдоган да катышкан. 3-сентябрда Түркиянын биринчи айымы Кырчын жайлоосундагы этношаарчаны көрүп, маданий иш-чараларга күбө болгон.