Turmush — Чаргынбаев Кайырбек Кабылбекович Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.
Жаңы аким 16-июль күнү жамаатка тааныштырылды. Ал 1983-жылы 16-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында тулуган. Буга чейин Каржы полициясында (майор наамы бар) жана Жазаларды аткаруу кызматында иштеген.
- Ала-Бука районунун буга чейинки акими Нурбек Сатаров Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.