Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 21.01.2020 15:14

Милиция окуучуларды кышкы эс алууга тоо бооруна алып чыкты

Turmush -  Ала-Бука РИИБдин кызматкерлери мектептер аралык достукту бекемдөө үчүн Сары-Таала айылынын коопсуз деп эсептелген Чийит-Кол участкасына окуучуларды кышкы эс алууга алып чыгышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милициянын негизги максаты район аймагындагы окуучулар арасында ынтымакты чыңдоо, топтошуп мушташуулардын, укук бузуулардын, балдарга карата ырайымсыз мамилелердин алдын алуу жана болтурбоо болуп саналат.

РИИБдин кызматкерлери жаштарды кыш мезгилинде кооптуу аймактардан чана, лыжа тебүүгө болбостугун эскертишти. Мектеп окуучулары бул профилактикалык иш-чарадан көптөгөн пайдалуу кеңештерди алышканын белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×