Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 20.01.2020 17:32 На русском

Ала-Бука РИИБдин тергөөчүсү жана участкалык кызматкери пара менен кармалды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн пара опузалоого шектелип кармалган 2 кызматкери жөнүндө маалымат берди.

Атайын кызматка А.Д.Н. аттуу жаран кайрылган. Ал Ала-Бука РИИБдин тергөөчүсү М.Э.М. жана участкалык кызматкери К.И.М. кошуналардын ортосундагы жаңжалдан улам токмоктоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишти өндүрүштөн кыскартуу үчүн пара опузалашканын билдирген. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 326-беренесинин негизинде (Пара опузалоо) катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

18-январда Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте 35 миң сом пара алып жаткан жеринен аталган эки милиция кызматкерин кармашкан. Алар Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тийиштүү ыкчам тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×