Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 17.01.2020 15:31

Ала-Букада балдарды колдоо багытында кандай иштер жүргүзүлүп жатат?

Turmush -  Ала-Бука райондук администрациясында 2020-жыл — Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата координациялык кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кеңешмеде балдарга карата зордук-зомбулук, ырайымсыз мамилелерди, укук бузууларды, кылмыштуулуктун, жол транспорт кырсыктарын алдын алуу маселелери талкууга алынды. Кеңешменин жүрүшүндө өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту болтурбоого милициядан сырткары коомчулук да көмөктөшүү керектиги белгиленди. Жаштар арасындагы ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алдын алуу максатында атайын иш пландар түзүлүп, жергиликтүү бийлик тыгыз иш алып баруу жагы айтылды.

Мындан сырткары, Ала-Бука РИИБ райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте балдарды колдоо жылына карата спорттун бокс түрү боюнча мелдеш уюштурду. Милиция кызматкерлери жаштарды спортту жана мекенди сүйүүгө чакырышып, мыкты билим алууга үндөштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×