Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 11.01.2020 16:46

Ала-Букада президентке кат жазган окуучу кыз белекке комуз алды

Turmush -  Ала-Бука районунда 4 окуучу жаңы жылда президентке кат жазып, белектерди алышты. Бул тууралуу акимдин орун басары Асел Жунусалиева билдирди.

«Ала-Бука районунан 4 окуучу президенттин белектерин алышты. Белекти аким Эмилбек Абдыкаров тапшырды. 3 окуучуга ар кандай шириндиктер белекке берилсе, 2-класстын окуучусу Аэлита Токтоматовага комуз тапшырылды. Ал окуучу президенттен комуз белекке берүүнү суранып кат жазган экен. Мындан сырткары окуучулар акимдин орундугуна олтуруп, келечекте жетекчи болууну ниет кылышты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×