Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 31.12.2019 18:00

Биринчи май айыл аймагынын тургундарына жаңы жылдык оюн-зоок тартууланды

Новый год в сельском округе Биринчи-Май
Новый год в сельском округе Биринчи-Май
// Turmush

Turmush -  Чек арага чектеш алыскы Биринчи май айыл аймагынын борборуна быйыл бийиктиги 13 метрге жакын балаты орнотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Жергиликтүү бийлик тарабынан жаңы жылдык майрамга карата 204 миң сом акча каражаты бөлүнүп, атайын жасалма балаты сатып алынган. Андан сырткары маданият үйүнүн алдында сахна жасалгаланып, баннерлер илинип, түнкү жарыктандыруулар коюлуп, белек-бечкектер да алынган.

Кечээ, 30-декабрда «Жаңы жылым жакшылыктын жылы бол» иш-чарасы өттү. Анда чек арада жайгашкан элеттиктер үчүн белгилүү сахна жылдыздары Түмөнбай Колдошов, Ж.Нуракова, Э.Алчынбеков, М.Сариев жана башкалар концерттик программа тартуулашты. Иш-чарага миңден ашуун эл катышып, концерт ар кандай кызыктуу оюн-зооктор менен коштолду.

Иш-чарада айыл өкмөтүнүн жана демөөрчүлөр тарабынан 400 балага белектер берилип, турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө 20 тонна көмүр жана жыгач отун жеткирилип берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×