Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 27.12.2019 13:18

Чемпиондукту багындырган Ала-Буканын футбол командасы сыйланды

Turmush -  Ала-Бука районунда Кыргызстандын футбол боюнча II лигасынын чемпиондугун багындырган Ала-Бука футбол командасын салтанаттуу куттуктоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага Жалал-Абад облустук Футбол федерациясынын жетекчилиги, райондук мекеме-ишканалардын жана айыл аймактардын башчылары катышты. Алар Ала-Бука районунун футбол командасына КРнын футбол боюнча II лигасынын чемпиону кубогун жана дипломун тапшырышты.

Ошондой эле алдыңкы оюнчуларга райондун акими Э.Абдыкадыров тарабынан ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×