Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 16.12.2019 17:18

Ала-Букада «Санариптештирүү - өнүгүүнүн өзөгү» аттуу диалог болду

Turmush -  Бүгүн, 16-декабрда Ала-Бука районунда «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациянын концепциясынын алкагында райондук телекоммуникациялык диалог: «Санариптештирүү - өнүгүүнүн өзөгү» аттуу регионалдык диалог болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага аким Эмилбек Абдыкадыров, уюлдук компаниялардын жетекчилери, телерадио релейлик станциялардын түштүктөгү бөлүмүнүн кызматкери, райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондор аралык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын, райондук мамлекеттик «Кадастр» мекемесинин, Ала-Бука райондук социалдык фонд башкармалыгынын жана райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчилери жана айыл аймактардын башчылары катышты. Анда алдыга коюлган максаттар жана чечүү жолдору боюнча талкуу жүрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө мекеме жетекчилери санариптештирүү боюнча аткарылган иштер жана алдыда аткарыла турган иштер боюнча маалымат беришти.

Ошондой эле, электрондук кызмат көрсөтүүнү күчөтүү, биргелешип иш алып баруу, бирдиктүү терезелердин ишин жандандыруу менен элдин убарагерчилигин кыскартуу боюнча райондук масштабдагы диалог болду.

Мындан тышкары, окуучулар арасында «Жаш техник» аттуу райондук сынак өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×