Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 10.12.2019 14:51 На русском

Видео — Ала-Букада бир күндө 3 карышкыр атылды

Turmush -  Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөтүндө бир күндө 3 карышкыр атылды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн Ала-Бука районундагы егери Бактыбек Иманазаров билдирди.

Анын айтымында, тоолорго кар жаагандыктан, карышкырлар айыл-кыштактарга түшүп келип, элдин малына кол сала баштаган. Мергенчилерди Көк-Таш айыл өкмөтү ок-дары жана тамак-аш менен камсыздап берген.

«Ала-Бука районунун Көк-Таш жана Көк-Серек айыл өкмөттөрү тоолуу болгондуктан, аталган аймактарда карышкырлардын саны көбөйгөн. Кечээ, 9-декабрь күнү Көк-Таш айыл өкмөтүндө 3 карышкыр жок кылынган», - деди Бактыбек Иманазаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×