Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 09.12.2019 16:03 На русском

Асел Жунусалиева Ала-Буканын акиминин орун басары болду (өмүр баяны)

Асель Жунусалиева
Асель Жунусалиева

Turmush -  Асел Жунусалиева Ала-Бука районунун акиминин социалдык иштер боюнча орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалым болгондой, акимдин мурунку орун басары Калчабү Усенбаева ээлеген кызматынан бошотулган. Асел Жунусалиева буга чейин мектепте директор болуп эмгектенген.

Өмүр баяны

Аты-жөнү: Жунусалиев Асел Айткуловна

Туулган жылы: 1979-жыл

Туулган жери: Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылы

Билими:

- 1999-жылы Ош Кыргыз-Өзбек университетинин тарых факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

- 2004-2010-жылдары — Ала-Бука районунда Д.Осмоналиев атындагы мектебинде мугалим;

- 2010-2016-жылдары — Д.Осмоналиев атындагы мектептин директорунун тарбиялык иштери боюнча орун басары;

- 2016-жылы Д.Осмоналиев атындагы мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы;

- 2017-жылы Д.Осмоналиев атындагы мектептин директору.

Үй-бүлөлүү, 2 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×