Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 08.12.2019 13:48

Чоң-Сайдын эли такталбаган аймакка өзбек чек арачылары киргенине нааразы

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айыл аймагынын Чоң-Сай айылынын айдоо жерлерине чейин коңшу Өзбекстандын чек арачылары кирип келгени жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жаратты. Бул тууралуу айыл башчысы Өскөн Рүстөмов билдирди.

Анын айтымында, айыл чети такталбаган аймакка кирет.

«Такталбаган аймакка эки тарап тең кирүүгө мүмкүн эмес. Бирок коңшу өлкөнүн чек арачылары айылдын айдоо, бак-дарак тигилген жерлерине чейин кирип келгени жаштардын нааразычылыгын жараткан. Алар ошол замат эле кетишкен. Тургундар коңшу өлкөнүн чек арачылары бейкапар жүрүшкөнүнө нааразы болуп жатышат. Азыр айыл өкмөт башчы келди, эл менен жолугуп жатат», - деди Өскөн Рүстөмов.

Тургундар такталбаган аймакка өзбек чек арачылары жайкысын чатыр тигип алышарын да айтышты.

Чоң-Сай айылында 600дөн ашуун адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×