Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 05.12.2019 16:57

Ала-Букада спорт аянтча ачылып, 12 млн сомго ички жол асфальтталды

Turmush -  Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек айыл аймагынын Тенги айылында 2,5 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, районду өнүктүрүү фондунан жолго асфальт төшөө үчүн 12 млн 700 миң сом бөлүнгөн. Райондун акими Эмилбек Абдыкадыров жолдун курулушу менен жеринен таанышты.

Ошондой эле Көк-Серек айыл аймагындагы эски имарат жаштар борборуна айланды. Имарат оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Мындан тышкары, балдар үчүн спорттук аянтча ачылды.

Көк-Серек айыл аймагында 7200дөн ашык жашоочу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×