Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 20.11.2019 16:39

Ала-Букада фермерлердин башы бирикти. Сүрөт

Turmush -  Ала-Бука районунда «Айыл чарбасын өнүктүрүү — аймакты, өлкөнү өнүктүрүү» аттуу темада конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, райондун акими Эмилбек Абдыкадыров, айыл аймактардын башчылары, айыл чарба тармагынын ардагерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, ишкерлер катышты.

«Конференцияны аким Эмилбек Абдыкадыров ачып, өкүлдүн орун басары Ы.Ызабеков айыл чарба тармагындагы жетишкендиктерге токтолду. Кооперативдердин мүчөлөрү, мамлекеттик эмес уюмдар менен иштешкен ишкерлер өздөрүнүн продукциялары жана кирешелери боюнча ой бөлүштү.

Конференция кайра иштетүү тармагындагы приоритеттүү багыттардын артыкчылыктары боюнча калкка маалымат жеткирүү, жергиликтүү ресурстарды, мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу, чарбаларды ирилештирүүгө шарт түзүү, тоскоолдуктарды жоюу боюнча тажрыйба алмашуу максатында уюштурулган. Анда кооперативдердин жана фермелердин жетекчилери үчүн өкмөт тарабынан жеңилдиктер берилип, салыктын айрым түрлөрүнөн бошотулары айтылды.

Жыйынтыгында Ала-Бука районунун айыл чарба кооперативдеринин төрагасы шайланып, резолюция кабыл алынды», - деп билдиришти райондук администрациядан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×