Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 19.11.2019 15:56

Ала-Букада түшүм майрамы белгиленди. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 19-ноябрда Ала-Бука районунун борбордук аянтында түшүм майрамы белгиленип, райондо өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары жармаңкеге коюлду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, жармаңкеге асыл тукум мал-жандыктар, айыл чарба техникалары да коюлду. Анда райондогу айыл аймактар бирден боз үй тигишти.

Иш-чарага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков, райондун акими Э.Абдыкадыров, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Түшүм майрамдын алкагында райондун айыл чарбасын жакшыртуу, фермердик чарбаларды өнүктүрүү боюнча конференция болуп, анда эл аралык уюмдардын өкүлдөрү ойлорун ортого салышты.

Иш-чаранын алкагында шырдак фестивалы да уюштурулду. Анда жүндү иштетүү боюнча улуттук кол өнөрчүлүк көрсөтүлүп, чеберлер жасаган шырдактар көргөзгөмө коюлду.

Жармаңкенин жүрүшүндө сүт продукцияларын кайра иштетүү, сүттөн быштак жасоо боюнча мастер-класстар уюштурулду. Иш-чаранын соңунда жармаңкеге активдүү катышкан айыл аймактар, дыйкан жана фермерлер, мекеме-ишканалар атайын дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×