Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Жалал-Абад

Кыргыз-өзбек чек арасында октон жаракат алып, Намангандагы ооруканада жаткан кыргызстандык жаран кайтып келди

Turmush -  Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында октон жаракат алып, Намангандагы ооруканада дарыланып жаткан кыргызстандык жаран кечээ, 31-январда кайтып келди. Бул маалыматты Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

«Достук – унаа жолу» көзөмөл өткөрүү пунктуна аны тосуп алуу үчүн туугандары, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн, УКМКнын жана ИИМдин аймактагы бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана дарыгерлер барышкан. А.У. медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн дароо Ош облустук аймактык ооруканасына жеткирилип, туугандарынын чечими менен дарыланууну Бишкек шаарынан улантмай болду. Учурда анын абалы канааттандырарлык.

Мамлекеттик чек арада ок атылып, адамдын жаракат алышына байланыштуу эки мамлекеттин тиешелүү органдары териштирүү, тактоо иштерин улантып жатышат.

Окуя тууралуу:

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында 27-январда саат 18:30 чамасында атылган октон Жалал-Абаддагы Ала-Бука районунун тургуну — 1979-жылы туулган А.У. бутунан жаракат алган.

Өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматовдун айтымында, окуя болгон жер карта боюнча коңшу мамлекетке тиешелүү.

«Окуя болгон аймак карта боюнча коңшу мамлекетке тиешелүү, биз тарап пайдаланып жүрөт. Наманган облусунун губернатору менен сүйлөштүм. Алар биздин жарандан кабар алып келишиптир, буту сакайганда өздөрү чек арадан чыгара турганын айтышты. Алардын ырастоолорунда, чек арачылар биздин жаран экенин билишкен эмес. Чек арадан өтүп кеткенине байланыштуу алар жаранды токтотууга үндөп, ал качып жөнөгөндө асманга ок чыгарышкан. Ал учурда да токтобогондуктан бут тарапка атышкан экен», - деген М.Акматов.

Ал эми, Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын билдирүүсү боюнча, жаракат алган жаран өзбекстандык чек арачылардын талабына баш ийбегендиктен ок чыгарууга аргасыз болушкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 977
×