Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Жалал-Абад

Кыргыз-өзбек чек арасында ок тийген кыргызстандык жаран Намангандагы ооруканада жатат

Turmush -  Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында 27-январда саат 18:30 чамасында атылган октон жаракат алган Ала-Буканын тургуну — 1979-жылы туулган А.У. Кыргызстанга кайтарыла элек. Бул маалыматты бүгүн, 29-январда Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акбаралиев тастыктап, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

«Ок тийгенден кийин Өзбекстандагы ооруканага түшкөн жараныбызды кайтаруу боюнча чукул жыйын өткөрүлүп, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», - деди аким.

Өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматовдун айтымында, окуя болгон жер карта боюнча коңшу мамлекетке тиешелүү.

«Окуя болгон аймак карта боюнча коңшу мамлекетке тиешелүү, биз тарап пайдаланып жүрөт. Наманган облусунун губернатору менен сүйлөштүм. Алар биздин жарандан кабар алып келишиптир, буту сакайганда өздөрү чек арадан чыгара турганын айтышты. Абалы жакшы экен. Ошондой эле "жарандын туугандары, үй-бүлөсү кабатыр болбой турсун, сиздер жеткирип коюңуздар. Абалы жакшы, күчтүү дарыгерлер карап жатышат" дешти. Алардын ырастоолорунда, чек арачылар биздин жаран экенин билишкен эмес. Чек арадан өтүп кеткенине байланыштуу алар жаранды токтотууга үндөп, ал качып жөнөгөндө асманга ок чыгарышкан. Ал учурда да токтобогондуктан бут тарапка атышкан экен. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», - деди М.Акматов.

Ал эми, Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргызстандык жаран ок тийгенден кийин Наманган облусунун аймагындагы ооруканага жаткырылганын, абалы учурда канааттандырарлык экенин бүгүн, 29-январда билдирди.

«Окуядан кийин Кыргызстан менен Өзбекстандын Мамлекеттик чек ара кызматтарынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жараны абалы жакшырып, окуяга байланыштуу тергөө иштери аяктагандан кийин кайтарыла турганы келишилди», - деп айтылат Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Ведомствонун билдирүүсү боюнча, жаракат алган жаран өзбекстандык чек арачылардын талабына баш ийбегендиктен ок чыгарууга аргасыз болушкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1736
Көп окулду
×