Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Жалал-Абад

Ала-Букада кой кайтарып жүрүп, кыргыз-өзбек чек арасынан өтүп кеткен тургунга ок атылды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда кой жайып жүргөн жаранга Өзбекстандын чек арачылары ок атып, ал учурда ооруканада жатат. Бул маалыматты Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акбаралиев тастыктады.

Анын айтымында, окуя кечээ, 27-январда саат 18:30дар чамасында болгон. Кой жайып жүргөн тургун чек арадан өтүп кеткендиктен, коңшу өлкөнүн чек арачылары ок чыгарган.

«Ала-Бука районунун Көк-Серек айылынын 39 жаштагы тургуну кой кайтарып жүрүп, чек арадан өтүп кеткен. Ал жаран чек арачылардын токто дегенине карабай, качкандыгы үчүн ок чыгарышкан деп айтып жатат. Учурда ок тийген жараныбыз Өзбекстандын Чуст районунда ооруканада жатат. Ал жаранды чыгаруу аракети көрүлүүдө», - деди райондун акими.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9771
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Daler
17:57, 28 января 2018
Robert.ganza
Нет аватара
Robert.ganza
17:12, 28 января 2018
Озбек чегарасына отуш учун биринчи Кыргыз чек арасы кайда карап турушту???Кыргыз чегарасы жокпу??ар Ким отсо болот экенда анда Кыргызстанга??
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×