Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Жалал-Абад

Ала-Букада өткөн жылы 12 жаңы ишкана ачылган (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунда болуп өткөн элдик жыйындын катышуучулары 2017-жылда жаратылган ийгиликтерди кеңири чагылдырган атайын стенддер менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул туурасында өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, элдик жыйынга ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков, «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКтын төрайымы Жумагүл Эгембердиева жана облустук тармактардын бир катар жетекчилери катышты.

Ала-Бука районунда өткөн жыл ичинде жаратылган ийгиликтер туурасында аким Сонунбек Акпаралиев кыскача баяндама жасады. Анда белгиленип кеткендей, райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 2017-жылы 17 долбоор жактырылып, аларды ишке ашырууга 105 млн 260 миң 700 сомдук акча каражаттары бөлүнгөн. Жыл ичинде жаңы 12 ишкана ачылып, 93 жумушчу орундары түзүлгөн. Инвестиция тартуу иши максаттуу ишке ашырылуу менен 1 млрд 608 млн сомдук жумуштар аткарылды. Айыл чарбасында 6 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлгөн.

Турак жайларды камсыздандыруу боюнча «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКнын төрайымы Жумагул Эгембердиева элдик жыйындын катышуучуларына кеңири маалымат берди жана өткөн жылдын аягында катуу шамалдан зыян тартышкан бир катар тургундарга камсыздандырылган турак-жайларына келтирилген зыяндарды калбына келтирүүгө жардамы тийүүчү акча сертификаттарын тапшырды.

«Жалалабатэлектро» ААКтын генералдык директору Кеңешбек Маматканов, ӨКМдин облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары, капитан Замир Дүйшөбаев өткөн жыл ичинде өздөрү тарабынан аткарылган иштер жана быйылкы жылга карата коюлган иш-чаралары туурасында кеңири баяндама жасашып, жыйындын катышуучулары тарабынан берилген бир катар суроолорго жооп беришти.

Аким Сонунбек Акпаралиев ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабековдон Ала-Букадагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна караган поликлиниканы толук жаңылап курууга, быйылкы жылы курулуш иштери 90 пайызга бүткөрүлүп калган 2 мектепке каржылык маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирип кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 778
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×