Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Жалал-Абад

Ала-Букада шамалдан жабыркаган турак жайлардын камсыздандыруудан өткөндөрүнө гана жардам берилет (фото)

Turmush -  Кечээ, 25-январда Ала-Бука райондук администрациясында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрайымы Ж.Эгамбердиева жана өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков баштаган бир топ жетекчилер райондун активи менен жолугушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууда 2017-жылды жыйынтыктоо жана турак жайларды милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруудан өткөрүү боюнча сөз болуп, бул маселе боюнча талкуу жүрдү.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрайымы Ж.Эгамбердиева 2017-жылдын 27-декабрында райондун аймагында болгон катуу шамалдан жабыркаган турак жайлардын ээлерине турак жайларын камсыздандыруудан өткөргөндүгү үчүн 20 жаранга акчалай жардам алуучу сертификаттарын тапшырды. Ж.Эгамбердиева камсыздандыруудөн өткөн шамалдан жабырган дагы 8 турак жайдын ээлерине акчалай жардам берилерин кошумчалады.

2017-жылдын 27-декабрында болгон катуу шамалдан Ала-Бука районунда 868 турак жай жабыркаган. Алардын ичинен камсыздандыруудан өткөнү үчүн 28 турак жайдын ээлерине мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан акчалай жардам көрсөтүлөт.

Буга чейин район акими Сонунбек Акпаралиев маалымдагандай, катуу шамалдын кесепетинен 1-Май, Көк-Таш, Көк-Серек айыл аймактарындагы турак жайлардын 30-40%ы, соцобъектилердин 60-70%ы жабыркаган.

«Шамал катуу болгондуктан дарактар кулап, электр чубалгылары үзүлгөн. 1-Май, Көк-Таш, Көк-Серек айыл аймактарында 1,5 сутка электр жарыгы болбой, кечээ берилди. Көк-Серекте электр жарыгы эки күндөн бери толук бериле элек, кечээ айыл аймактын жарымына берилген. Бүгүн бул айыл аймакка электр жарыгы толугу менен берилет. Катуу шамал болгон жерлерде келтирилген зыянды аныктоо максатында комиссия иштеп жатат. Жабыркагандар буга чейин турак жайларын милдеттүү камсыздандыруудан өткөргөндүгү боюнча маалымат такталууда. Бүгүнкү күнгө чейинки маалыматка караганда, Көк-Серек айылында 30 үй-бүлө турак жайларын милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүшкөн. Алардын ичинен 10 үй-бүлөнүн турак жайы жабыркаган», - деп билдирген район акими.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 993
×