Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 24.01.2018 08:35

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Көк-Таш айылына ишкер аял тейлөө борборун ачты

Turmush -  Ала-Бука районунун борборунан эң ыраак, кыргыз-өзбек чек арасына жакын турган Көк-Таш айылында жаңы тейлөө борбору курулуп бүтүп, ишке кирди. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Калчабү Үсөнбаева кабарлады.

Анын айтымында, эки кабаттуу тейлөө борборунун имаратын айылдын жеке ишкери Хафиза Байназарова өз каражатына тургузду.

Тейлөө борбору тигүү цехтерден, атап айтканда көйнөктөрдү тигүүчү бөлмөдөн, бут кийимдерди жана эл керектөөчү кездемелерди сатуучу бөлмөлөрдөн турат. Анын ишке кириши менен 20 адамга жаңы жумуш оруну пайда болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×