Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 23.01.2018 11:55

Ала-Букада этникалык кыргыздарга жардам берилди

Turmush -  Ала-Бука районунда жашап жаткан этникалык кыргыздарга айыл өкмөттөр тарабынан көмөк көрсөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы.

Райондун борбору болгон Ала-Бука айыл аймагынын бюджетинин эсебинен 18 үй-бүлөнүн ар бирине миң сомдон таратылды. Ал эми Өрүктү айыл аймагында турган 7 үй-бүлөгө 150 килограммдан, Ак-Коргон жана Балтагулов айыл аймактарында жашаган 2 үй-бүлөгө 250 килограммдан көмүр түшүрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×