Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Жалал-Абад

Ала-Букада кен казган компаниянын ишине каршы болгондор нааразычылык акциясына чыгышты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 15-январда Ала-Бука районунун Өрүктү айылынын тургундары кен казган компаниянын ишине каршы нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу айылдын Эрнист аттуу тургуну билдирди.

Анын айтымында, тургундардын акцияга чыгышына «KGM Ltd» компаниясынын айыл өкмөткө социалдык пакет үчүн акча төлөбөй жаткандыгы себеп болду.

«Кен казган компания 300 миң сомдон төлөнүүчү акчаны 2015-жылдан бери төлөгөн эмес. Келишимди аткарбагандыктан 100гө чукул тургун акцияга чыкты», - деди ал.

Нааразычылык акциясына чыккан тургундар менен Ала-Бука районунун акиминин биринчи орун басары Бектур Сагынбаев жолукту. Ал кен казган тарап келишимдеги акчаны төлөп бериши керектигин белгилеп, аны аткарууну талап кылып жаткандыгын айтты. Ал эми жергиликтүү тургундар компанияга 3 күндүк мөөнөт берген соң тарап кетишти.

«KGM Ltd» компаниясы 2015-жылы лицензия алып, Өрүктү айыл өкмөтүнүн аймагында иштей баштаган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1651
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×