Маалым болгондой, райондо жаңы жыл алдында 8 ымыркай — 5 уул, 3 кыз жарык дүйнөгө келген.
Ала-Бука районунун тургуну А.Көчөрова неберелүү болгонун айтып, кубанычы менен бөлүштү.
«Жаңы жыл алдында кызым көз жарып, кыздуу болду. Мен да кызымдын жанында болуп, анын төрөтүнө катыштым. Төрөттөн чыккандан кийин эле райондун акими келип, куттуктап белектерин берип кетти. Бул биз үчүн күтүүсүз болду. Райондун жетекчисине энелердин атынан ыраазычылык билдирем», - деди ал.