Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Жалал-Абад

Катуу шамалдан Теңги айылындагы мектептин чатырынын 80%ы талкаланды (фото)

Turmush -  Катуу шамалдын кесепетинен Ала-Буканын Көк-Серек айыл өкмөтүндөгү Теңги айылында жайгашкан Токтогул атындагы мектептин чатырынын 80 пайызы талкаланды. Айылдагы жашоочулардын жана мектептин абалы менен бүгүн, 30-декабрда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов таанышып кайтты.

«Биз бүгүн көрүп чыктык, Көк-Серек айыл өкмөтүндө шамалдан жабыр тарткандар көп экен. 500дөн ашык үйдүн чатыры учуп, 17 социалдык объектинин да чатырлары талкаланыптыр. Бүгүн 2 мектепке, ФАПка жана айыл өкмөттүн имараттарына бардык.

Көк-Серек айыл өкмөтүндө 30дан ашык үй камсыздандыруудан өтсө, анын 10дон ашууну жабыр тарткан. Азыркы тапта комиссия түзүлүп, чыгымы эсептелип жатат. Мындан сырткары социалдык жактан аз камсыз болгон, колунда жок жакыр үй-бүлөлөргө айыл өкмөттүн эсебинен жардам көрсөтүүнү сунуштайбыз», - деди орун басар М.Акматов.

Мектеп директору Азылкан Козуеванын айтымында, имараттын 3-кабатындагы айнектер да сынган.

«3 күндөн бери мектепте электр энергиясы жок. Окуучулардын балаты майрамын атайын жабдыктын (движок) жардамы менен өткөрүп, бүгүн чейректин жыйынтыгын айтып, үйлөрүнө кетирдик. Кийинки чейрек башталганча чатырыбыз оңдолуп калса жакшы болот эле», - деди директор А.Козиева.

Айылдагы Токтогул мектебинде 500дөн ашык окуучу билим алса, аларга 36 мугалим сабак берет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2768
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×