Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ала-Букада 2 жарандан ок атуучу курал алынды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун милициясы курал-жарактарды өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин улантууда. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындай иштердин жүрүшүндө Ноокен районунун тургуну милиция кызматкерлерине «ИЖ-12» куралын, Токтогул районунун тургуну чоң атасынан калган «К-16» куралын тапшырды.

Ошондой эле, Ала-Бука РИИБдин кызматкерлери 62 жаштагы М.Т. аттуу тургундун үйүн тинтүүдө (соттун чечими менен) 1959-жылы чыгарылган 16-калибрдеги ок атуучу курал тапкан. Мындан тышкары, Ала-Бука районунун 39 жаштагы тургуну А.Ж. жашаган үйдүн короосунан 1956-жылы чыгарылган 12-калибрдеги ок атуучу курал табылды.

Бардык алынган куралдар экспертиза жөнөтүлгөн. Акыркы 2 факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 590
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×