
Анын айтымында, райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин чыгармачылыгы менен даярдалган концертте кыргыздын улуттук ыр-күүлөрү, бийлери жана дастандары, көркөм чыгармалары мамлекеттик тилде жаңырды.
«Концерттик программа райондун бардык сегиз айыл аймагында коюлат. Иш-чара быйылкы Адеп, ыйман жана маданият жылына байланыштуу эл ынтымагын дайыма сактоо максатында уюштурулду», - деди К.Үсөнбаева.