Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Жалал-Абад

Ала-Букада «Жашынган таланттар» концерти өттү

Turmush -  Ала-Бука районунун Өрүктү айыл өкмөтүнө караштуу маданият үйүндө 11-декабрда райондогу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын «Жашынган таланттар» концерттик программасы болуп өттү. Бул тууралуу 12-декабрда акимдин орун басары Калчабү Үсөнбаева кабарлады.

Анын айтымында, көзү азиз, арабада отурган таланттуу он адамдын оюн-зоогун, бийлерин, «Манас» дастанынан үзүндү айтканын жана комуз черткенин бул айылда жашаган 400 адам укту.

Жашынган таланттардын концерти 12-декабрда райондун Балтагулов айыл өкмөтүндөгү мектептин клубунда жана кийинки күндөрү райондун башка айыл аймактарында жаңы жылга чейин өткөрүлөт. Аларды райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы менен райондук маданият үйүнүн кызматкерлери коштоп жүрүшөт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1092
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×