Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Жалал-Абад

Ала-Букада өнүгүүнүн 5 жылдык планы кабыл алынды

Turmush -  Ала-Бука районунда 11-декабрда өкмөттүн «Жаңы доорго кырк кадам» аттуу долбоорунун негизинде райондун 2017-2023-жылдар аралыгындагы туруктуу жана стратегиялык өнүгүүсүнүн иш-пландары талкууланып, ага катышкандардын кошумча өзгөртүүлөрү менен бирге кабыл алынды. Бул тууралуу 12-декабрда акимдин орун басары Калчабү Үсөнбаева кабарлады.

Анын айтымында, талкууну райондун акими С.Акпаралиев алып барды. Райондун өнүгүү иш планында социалдык-экономикалык-маданий жана өнөр жай, айыл чарба, кайра иштетүү, тоо-кен жана башка өндүрүштүн ар бир тармагы боюнча аткарыла турган иш-пландар белгиленди.

Социалдык багыттар боюнча беш жыл ичинде билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында курула турган имараттардын орун жайы белгиленип, «Бирдиктүү терезе» долбоору боюнча бейтаптарды автоматташтырылган тейлөөгө өткөрүү жагы кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1042
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×