
Turmush - Кечээ, 1-ноябрда Ала-Бука районундагы Өрүктү айылында 60 орундуу А.Пирматов атындагы балдар бакчасы ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Ачылыш аземге райондун акими С.Акпаралиев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана ата-энелер катышты. Жаңы ачылган бала бакча толук кандуу материалдык техникалык жабдуулар менен камсыздалып, балдар үчүн жаңы керебеттер алынган.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ч.Турдукулованын маалыматына караганда, Ала-Бука районунда бала бакчалардын саны 30га жетти. Жыл башынан бери райондо 3 жаңы бала бакча ачылды.