
Анын айтымында, балдар бакчалары менен райондогу үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, ооруканалар менен ФАПтар кыш ичинде жагууга зарыл болгон көмүр менен жүз пайыз камсыздалды. Ал эми мектептерге керектелүүчү көмүрдүн 90%ы ташылып алынды.
Күз-кыш айларына карата даярдыктын жүрүшүн талкуулаган штабдын ишине райондун акими С.Акпаралиев жетекчилик кылды. Ага кошумча электр тогу менен жылытылуучу тетик жабдуулардын, буу казандардын бардыгы оңдолуп, текшерүүдөн өттү.