Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Жалал-Абад

Ала-Букада соцкызматкерлер кесиптик майрамын белгилешти

Turmush -  Ала-Бука районунун борборунда бүгүн, 19-октябрда райондогу социалдык кызматкерлер менен профсоюздук кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди. Аларды райондун акими С.Акпаралиев куттуктап, иштерине ийгилик каалады. Бул тууралуу акимдин орун басары Калчабү Үсөнбаева кабарлады.

Анын билдиришинче, социалдык фонд жана социалдык өнүгүү башкармалыктарында иштеген 3 кызматкерге райондук мамлекеттик администрациянын Ардак грамотасы тапшырылды. Ал эми эки кызматкерге жергиликтүү бийликтин алкышы жарыяланды.

Кесиптик майрам райондогу маданият кызматкерлеринин концерти менен коштолду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1007
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×