Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 14.09.2017 14:46

Ала-Букада «Биз адам сатууга каршыбыз» акциясы өттү (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунда «Биз адам сатууга каршыбыз» акциясы өткөрүлдү.

Райондук администрациянын маалыматына караганда, акциясынын алкагында 4 мектептин окуучулары арасында адам сатууга каршы чакырык ташталган спектаклдердин кароо-сынагы өткөрүлдү. Сынакка өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн өкүлү Абдылабек Камбаров, Эл аралык коргоого көмөктөшүү борборунун жетекчиси Акылбек Ташбулатов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, мектеп окуучуларына белектерди тапшырышты.

Акылбек Ташбулатов белгилегендей, аталган акция өлкө аймагында 100 күн аралыгында өткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×