Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Ала-букалык дыйкан 1 гектарга эккен тамекиден 3 тонна түшүм алууну пландоодо (фото)

Turmush -  Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айыл аймагынын Коргончу айылынын тургуну Алчынбек Исматиллаев тамеки эгип, киреше табат. Дыйкан тамеки эгүүнүн жолдору тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

А.Исматиллаевдин айтымында, тамеки эгүүнүн түйшүгү көп.

«Биз тамекини эгүү үчүн кыш мезгилинде жумушту баштайбыз. Февраль айынан тарта күнөсканага үрөн себебиз. Көчөттөр эгүүгө даяр болгуча 60 күн убакыт кетет. Апрель айында эгүү башталат, башка эгиндерге салыштырмалуу түйшүгү көп. Ар бир көчөтүн 10 см аралыкта эгебиз. Ошол убакта тамекиде зыянкечтер көп болот. Тамеки бышкандан баштап бүткөнгө чейин 4 жолу теребиз, ар бир теримде жалбырактарды жипке өткөрүп, тизип, салкын жайда кургатабыз. Андан кийин пресстеп, орто эсеп менен 1 килограммын 100 сомдон сатабыз. Быйыл 1 гектар жерден 3 тонна түшүм алууну пландап жатам», - деди А.Исматиллаев.

Дыйкан мындан тышкары, 2 гектарга күн карама, 0,30 гектарга картошка жана башка жашылча-жемиштерди эккен.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1095
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×