Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Жалал-Абад

Ала-букалык 14 жаштагы Нуртилек бир айдан бери изделүүдө (фото)

Turmush -  Ала-Бука районуна караштуу Өрүктү-Сай айылында 14 жаштагы Талантбек уулу Нуртилек бир айдан бери изделүүдө. Бул тууралуу маалыматты РИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, Нуртилек 2003-жылы туулган. Ал 23-июлда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес. Ата-энеси 27-июлда милицияга кабар берип, андан соң каттоого алынган. Азыркы тапта издөө иштери жүргүзүлүүдө.

«Анын Ошто жүргөнү боюнча божомолдор айтылып, бирок табылган жок. Ошондой эле, Жалал-Абад шаарында SIM-карталарын сатып жүргөнү боюнча маалымат түшкөн. Мындан улам РИИБдин өкүлдөрү Жалал-Абад ШИИБге кайрылышкан. Бала таята, таенесинин колунда өскөн. Жакын адамдары менен бирге издөө иштери жүрүүдө. Көргөн-билгендер болсо милицияга кабарлап коюуну өтүнөбүз», - деп билдиришти РИИБден.

Нуртилек райондогу Ж.Бейшимов атындагы мектептин окуучусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1048
Көп окулду
×