Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Жалал-Абад

Ала-Букадагы жайлоодо торпоктор сууктан өлүүдө

Turmush -  Ала-Бука районунун Кызыл-Ата жайлоосунда торпоктор өлүп жатат, деп билдиришти жергиликтүү тургундар. Алардын айтымында, азырынча торпоктор эмне себептен өлүп жаткандыгы белгисиз.

Ал эми райондук ветеринардык бөлүмдүн башчысы Шафкат Турабаев торпоктор сууктан улам өлгөнүн билдирди.

«Кызыл-Ата жайлоосунда торпоктор өлгөнү боюнча маалымат келген. Ал торпоктор сууктан улам өлгөн. Суукта калган 10дон ашуун торпок дарылоодон кийин тирүү калды», - деди Ш.Турабаев.

Тургундар жайлоодо 1 күндө 3 торпок өлгөнүн белгилешти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1573
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×