Ч.Соорбековдун айтымында, чабылган ээрлердин айрымдарын кардарлар өздөрү келип алып кетишсе, айрымдарын ал Бишкек шаарына алып барып сатат. Бир ээрди толук жасап бүтүү үчүн үч күн иштөөгө туура келет.
«Мен жасаган ээрлер курама ээр деп аталат. Анткени жыгачтын кесиндилерин курап, желимдеп жасайм. Ээр жасоодо талды, жаңгакты материал кылып колдоном. Алгач жыгачтын кесиндилерин курап, андан соң чабылып, формага келтирилет. Формага келген ээрге уйдун жышылып, кургатылган терисин каптайм. Уйдун териси капталган ээр бышык болот. Бир айда 4-5 даана ээр жасап, ар бирин 6 миң сомго чейин сатам.
Акыркы күндөрү улак тарткандардан кокон стилиндеги ээрлерге буйрутмалар көп түшө баштады. Анткени анын формасы чоң жана ыңгайлуу. Мындай кокон стилиндеги ээрлер акыркы убакта белекке да көп бериле баштады. Ошондуктан бул ээрлерге суроо-талап көп болууда», - дейт Ч.Соорбеков.
Уста ээр чабуудан сырткары темир устачылык менен алектенип, атка такаларды жасап, ширетүүчүлүк кесипти да аркалап келет.